Индияда дарыгер зордукталып, өлтүрүлгөндөн кийин дарыгерлер иш ташташты

Индиянын Медициналык Ассоциациясы Калькуттадагы өкмөттүк RG Kar ооруканасында стажер-дарыгер зордукталып өлтүрүлгөндөн кийин жалпы улуттук иш таштоо жарыялады. Бул тууралуу The Times of India жазды. 

31 жаштагы аспирант кызды кызмат учурунда зордуктап өлтүрүшкөн. Жарым жылаңач дене 9-августта эртең менен оорукананын семинар өтүүчү бөлмөсүнөн табылган. Кабарларга караганда, стажер-дарыгер 36 сааттык нөөмөттөн кийин ошол жерде уктоо үчүн калган. Аялдын денесинде көптөгөн жарааттар жана муунтуунун белгилери табылган.

Кылмышка шектүү катары Калькуттадагы полициянын жарандык ыктыярчысы камакка алынган. Полициянын маалыматына караганда, маркумдун тырмак алдындагы кан жана тери шектүүнүкү менен дал келет.

Ушул жуманын башында Индиянын шаарларындагы көптөгөн мамлекеттик ооруканалар Тез жардам бөлүмдөрүнөн башка бардык кызматтарды токтотуп, дарыгерлер жабырлануучунун адилеттигин талап кылып көчөгө чыгышкан. Нааразылык акциясы негизинен тынч өткөнү менен полиция менен белгисиз адамдардын чакан тобунун ортосундагы кагылышуу менен коштолуп, дарыгер каза болгон.

Чогулгандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Кагылышуу учурунда бир нече полиция унаалары жабыркаган.