Индиялык жеке ишкер байлыгынын бир бөлүгүн итине таштап кетти

Индиялык жеке ишкер Ратан Тата адаттан тыш керээз калтырды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Ал өзүнүн 91 миллион фунт стерлинг байлыгынын негизги бөлүгүн итине калтырган. Ушундай жол менен сүйүктүү жаныбары ал өлгөндөн кийин да камкордукта болот деп эсептейт.

«Тата мырза ушул айдын башында 86 жашында Мумбайдагы ооруканада каза болду»,- деп жазылат маалыматта. Жеке ишкер үйлөнгөн эмес, балдары да жок.

Times басылмасынын маалыматы боюнча, Татанын байлыгынын көпчүлүк бөлүгүн анын ити, батири жана жардамчысы Конар Суббиах жана ашпозчусу Ражан Шоу алыш керек деп айткан. «Анын байлыгынын бир бөлүгүн анын бир туугандары гана мурасташат», — деп белгилейт басылма.