Индиялык теле алып баруучунун сөөгү 5 жылдан кийин табылды…

Индиялык теле алып баруучу Сальмы Султан Лашкардын сөөгү 5 жылдан кийин табылды. Сөөктүн калдыктары укук коргоо органдары тарабынан Корба шаарында жуурканга оролгон абалда табылган. Ал  2018-жылы белгисиз жоголгон. Бул тууралуу Indian Express басылмасы жазып чыккан.

Белгилей кетсек, Лашкар жергиликтүү телевиденияда иш алпарып келген.

Укук коргоо органдарынын айтымында бирге жашаган Лакшар аттуу жаран теле алып баруучуну өлтүрүп, анын денесин ээн талаага бекиткен. Бир жыл өтүп ал жерге жол салынган. Алардын мындай абалга келишине ички келишпестиктер себеп болгон деп болжошкон. Бул окуяга шектүү катары анын күйөөсү да табылган. Лашкардын артында эки баласы калган.