Индиялык тургундар шаарды көрктөндүрүү ишинен улам үйсүз калышты

Индиянын борбор калаасы Нью-Делинин Жанта лагеринин аймагында жашаган жергиликтүү тургундардын үйлөрү бузудурулуп, тазалоого алынган. Мындай аракет мамлекет жана өкмөт башчыларынын 18-саммитине карата жасалып жаткандыгын Reuter маалымат агентиги билдирди.

Үйлөрү бузулган тургундар жана активисттердин айтымында, 8-9-сентябрда өтө турган саммитке карата шаарды көрктөндүрүү үчүн жергиликтүү калктын үйлөрү алынган. Буга карата Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бул үйлөр мыйзамсыз курулгандыгы үчүн алдырууга туура келген деп түшүндүргөн.

«Үйсүз калган тургундардын абалын ойлонбостон бийлик шаарды тазалоо иштерин улантып жатат», — деп билдирген бирдиктүү өнүктүрүү борборунун директору Сунил Кумар