Индиянын аталышы өзгөрүшү мүмкүн

Индия эски аталышына кайтышы, тагыраагы Бхарат болуп өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары жазышты.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди башында турган өкмөт 18-сентябрдан 22-сентябрга чейин өтүүчү парламенттин кезексиз сессиясына өлкөнүн аталышын Бхарат деп өзгөртүү боюнча резолюция киргизиши мүмкүн. Резолюция кабыл алынышы үчүн парламенттин эки палатасынан тең көпчүлүк добуш алуу керек болот. Документ кабыл алынган соң, өкмөт Баш мыйзамда жок дегенде, он жерине өзгөртүү киргизүүсү талап кылынат.

Индиянын Баш мыйзамына ылайык, өлкөнүн расмий тилдери — англис жана хинди болуп саналат. Өлкө англис тилинде Индия, ал эми хинди тилинде Бхарат деп жазылган.