Индияда чагылган түшүп 27 адам каза болду

Индиянын чыгыш тарабында чагылган түшүп, анын кесепетинен 27 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, Батыш Бенгалия штатында акыркы учурдагы жаан-чачындын жыйынтыгында талаада иштеген дыйкандарга чагылган тийип, анын натыйжасында 27 адам каза болгон. Чагылгандан улам набыт болгондордун ичинен үчөө аял.

Индияда акыркы 2 жыл ичинде чагылгандын кесепетинен 2 миң 900 адам каза болгон.