Индиянын Ганг дарыясына өлүктөр ыргытылбашы үчүн тор орнотулду

Индия өкмөтү Ганг дарыясына өлүктөрдүн ыргытылышынын алдын алуу үчүн атайын тор орнотушту. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Индиянын суу ресурстары боюнча министри Бихар Санджай Кумар Twitter баракчасы аркылуу бул маалыматты тастыктап тор орнотулуп, көзөмөлдөөчү патрулдук милиция кызматкерлеринин саны өскөндүгүн билдирди. “Дарыянын жээктерине атайын торлор орнотулуп, патрулдук милициянын саны да көбөйтүлдү. Жергиликтүү бийлик Ганг дарыясына келтирилген зыянга тынчсызданууда. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, дарыядагы сөөктөр 5 күн ичиндеги катталган өлүмдөр экен”, — деди министр Кумар.

Акыркы маалыматтарга караганда, дарыяга ыргытылган өлүктөрдүн саны эки күндө 100дөн ашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, өлүктү өрттөө үчүн отун кымбат болгондуктан, көз жумгандарды дарыяга ыргытууга аргасыз болушууда.

Индияда коронавирусту жуктургандардын саны 22,2 миллиондон ашты.