Индиянын космостук аппараты Айга конду (видео)

Индиянын «Викрам» модулу Айдын түштүк уюлуна жакын жерге ийгиликтүү конду. «Чандраян-3» станциясынын аппараты Орусияныкы кыйрагандан үч күндөн кийин Айга барган. Маалыматты Индиянын космостук изилдөө уюму тастыктады.

Индиянын миссиясы тарыхта биринчи жолу Жердин спутниги аз изилденген түштүк уюлуна жакын жерге конууга жетишти. Окумуштуулардын айтымында, бул аймакта тоңгон суунун жана баалуу элементтердин чоң запасы болушу мүмкүн.