Индонезияда 45 жаштагы киши «качан үйлөнөсүң?» деген кошунасын өлтүрүп салган

Индонезиянын полициясы 45 жаштагы кишини 60 жаштагы кошунасын өлтүргөн деген шек менен кармады. Кошунасы шектүүгө «45 жашка келдиң, качан үйлөнөсүң?» деген суроо бере бергенин The Straits Times жазды. 

Окуя 29-июлда Түндүк Суматрада жайгашкан Тапанули районунда болгон. Киши колдуу болгон Асгим Ирианто аттуу 60 жаштагы пенсионер. Асгимдин жубайынын билдирүүсүнө караганда, кол салган Парлингжин Сирегар алардын үйүнө кечки саат 8дер чамасында жыгач менен келип, пенсионерге кол салган.

Пенсионер сыртка чуркап чыккан, бирок кол салган адам анын артынан чуркап барып, башына бир чапкан. Кошуналар жабырлануучуну ооруканага алып барышкан, бирок ал алган жаракатынан улам жолдо каза болгон.

Полиция кол салган адамды бир сааттын ичинде колго түшүргөн. Сурак учурунда ал полиция кызматкерлерине кошунасын атайылап өлтүргөнүн, анткени кошунасы анын эмне үчүн бойдок экенин көп жолу тамашалап сураганынан жабыркап келгенин айткан.