Индонезияда атасы уулунун ордуна үйлөнүүгө мажбур болгон

Индонезияда атасы уулунун ордуна үйлөнүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу Tribun Sumsel жазды.

Окуя 19-августта Хальмахера аралындагы Жикотамо айылында болгон. Кыз Исра аттуу жигитке турмушка чыгышы керек эле. Тойго эки тараптан коноктор, тууган-уруктар келип, той башталган күнү күйөө бала качып кетип, табылбай калган. Кыздын туугандары майрамды уюштурууга 25 миллион рупий (болжол менен 170 миң сом) сарптаган жана иш-чаранын болбой калышына каршы болушкан. Исранын аракети атасын абалды оңдоого мажбур кылган. Ал кызды уятка калтырбоо үчүн уулунун ордуна кызга үйлөнүүгө макул болгон.

Учурда качып кеткен жигиттин кайсы жакта экенин тууралуу маалымат жок. Ал эми соцтармак колдонуучуларынын айрымдары кызга боору оорушса, айрымдары аны аялдыкка алган жигиттин атасына нааразы болушууда.