Индонезияда балык кармаган жарандар дайынсыз жоголгон 68 жаштагы америкалык Коллин Монфорттун жансыз денесин акуланын курсагынан табышканын Sun басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Түштүк Дакота штатынын тургуну эс алуу маалында достору менен Пулау-Ронг аралын кыдырып, сууга сүзүүгө барган.
26-сентябрда катуу агым туристти деңизге алып чыккан. Куткаруучулар 8 күн бою издөө иштерин жүргүзүшкөн. Өткөн жекшембиде жергиликтүү балыкчылар коңшулаш Чыгыш Тимордо акула кармап, анын ашказанынан адам калдыктарын табышкан. «Кармалган акула башкача болчу. Мен желим же балык уулоочу торду жутуп алды деп ойлогом. Анын себебин түшүнүү үчүн курсагын кестик», — деди туристтин сөөгүн тапкан балыкчы.
Белгиленгендей, сөөктө дагы деле дайынсыз жоголгон турист кийген кара суучулдардын костюму болгон.