Индонезияда футболдук беттештен кийин 127 адам каза болду (видео)

Индонезиянын Маланг шаарындагы стадиондо болгон футбол беттешинен кийин кеминде 127 адам каза болуп, 180 адам жаракат алды, Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Маалыматтарга караганда, беттештен кийин утулган тараптын күйөрмандары оюн талаасына чыгышкан. Полиция аларды тынчтандыруу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Ошондой кийин адамдар түртүшүп баштап, башаламандык орун алган. Колдонулган газдан да жарандарга дем жетпей баштаган.