Индонезияда жанар тоо атыла башталды (видео)

Кечээ, 11-мартта Индонезиянын Ява аралында жайгашкан Мерапи жанар тоосу атыла башталды. Лаванын агымы жанар тоонун кратеринен 1,5 чакырымга созулуп, асманга 7 чакырым бийиктикке чейин түтүн көтөрүлдү. Тургундарга тоого жакын барбоого тыюу салынганын дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Эвакуация азырынча жарыялана элек. Бирок лаванын агымы 7 чакырымдык аралыктан ашса, анда тургундар башка жакка көчүп башташат.

Мерапи — Индонезиядагы эң активдүү жанар тоо. Аны «кыяматтын жанар тоосу» деп да коюшат. Бийиктиги 3 миң метрге чукулдайт. Ал акыркы жолу 2020-жылы атылып, анда 353 киши каза болгон.