Индонезияда жанар тоо атылып, 11 адам каза болду

Индонезиянын Суматра аралында жанар тоо атылып, 11 адам каза болуп, 12 адам дайынсыз жоголду. Дагы үч адам тирүү табылганын Reuters агенттиги жергиликтүү бийликке таянуу менен жазды.

Бийиктиги 2891 метр болгон Марапи жанар тоосу 3-декабрда атылып баштаган. Ал күлдү 3 миң метрден ашык бийиктикке ыргыткан. Агенттиктин маалыматына караганда, жанар тоо калдыктары жакынкы айылдарга түшкөн. Каза болгондор жанар тоонун кратерине жакын жерден табылган.

Жалпысынан атылган жанар тоонун айланасында 26 адам болгон. Дагы 49 адам өз алдынча түшүп, айрымдары ооруканага жеткирилген. Алардын кеминде сегизи күйүк алган.

Жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү Аде Сетиавандын айтымында, жергиликтүү айылдардын тургундарына беткаптар берилип, үйлөрүндө калууга үндөшкөн.