Royal
SerepTV Logo

Индонезияда коркунучтуу жанар тоо "ойгонду". Миңдеген адам эвакуацияланат

Индонезияда коркунучтуу жанар тоо "ойгонду". Миңдеген адам эвакуацияланат
Индонезияда Руанг жанар тоосу "ойгоно" баштады. Бул тууралуу https://www.aljazeera.com/news/2024/4/18/11000-evacuated-in-northern-indonesia-as-ruang-volcano-erupts" target="_blank" rel="nofollow noopener noreferrer">Aljazeera жазды. Маалыматка караганда, 11 миңден ашуун адам эвакуацияланышы керек. "11 миң 615 адам кооптуу аймакта жашайт, аларды коопсуз аймакка алып кетүү керек", - деп айтылат маалыматта. Жанар тоодон түтүн чыгып, учкундары учуп жатканына байланыштуу учактар токтотулду. Ал эми аткаминерлер 1871-жылкы кырсык кайталанышы мүмкүн деп божомолдошот. Себеби ал жылы жанар сууга чейин агып түшүп, цунами болгон. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="238161,238162,238163,238164"]