Индонезияда окуучуларды ташыган автобус жардан кулап, кеминде 27 адам каза тапты

Индонезиянын Ява аралында мектеп окуучуларын ташыган автобус жардан кулап кетип, кеминде 27 адам каза тапты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.

Кырсык 11-мартка караган түнү болгон. Автобуста экскурсиядан келаткан окуучулар жана алардын ата-энелери болуп, жалпысынан 66 адам келаткан.

Куткаруучу кызматтын өкүлү автобустун айдоочусу рулду башкара албай калганын айтып, маалымат берди. Анын себептери азырынча тактала элек.

Кырсыктан жабыркаган 35 жаран ооруканага жеткирилди, алардын он үчү оор абалда. Дагы бир адам урандылардын арасынан изделүүдө. Каза тапкандардын жаш курагы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. Айрым маалыматтарга караганда, балдар ислам мектебинде жогорку класста окушкан.