Индонезияда сүзүшкөн поезддердин видеосу тарады

Бүгүн, 5-январда Индонезиянын Батыш Ява провинциясында эки поезддин кагылышынын кесепеттерин көрсөткөн видеону күбөлөр жарыялашты. Окуя төрт адамдын өмүрүн алганын Liputan6 порталы жазды.

Поезддин кагылышуусунан машинист, анын жардамчысы, коопсуздук кызматкери жана кондуктор каза болгонун темир жол компаниясынын өкүлү билдирди.