Индонезиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 252ге жетти

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 252ге жеткенин Чианжур округунун өкмөтү билдирди.

Маалыматтарга караганда, 252 адам каза болуп, 31и дайынсыз жоголду, 377си жаракат алды. Кечээ, 21-ноябрда Чианжур районунун түштүк-батыш аймагында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө кеминде бир айылды каптаган жер көчкүгө алып келген.