Ингушетияда спортчу 7 миллион рубль бар баштык таап алып, ээсине кайтарды

Ингушетияда “Ржавый” атыккан спортчу Рустам Кукурхоев бул жолу спорт талаасында эмес, адамдык сапаты менен өзгөчөлөнду. Пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиону жана полициянын сержанты үй-бүлөсүндөгү аялдарды базарга алып барган. 

Алар соода кылып жатышканда мечитке барууну чечкен. Жолдо ээси жок баштык жатканын байкап, анын ичин ачканда акчага толо экенин көргөн. Ал дароо аны сүрөткө, видеого тартып, анан акчанын ээлерин табуу үчүн социалдык тармактарга жарыялаган. Ээси бат эле табылган.

Маалым болгондой, бир нече убакыт мурда эле Сунжа шаарында Грозныйдан баласын дарылатуу үчүн келген үй-бүлө мечиттин жанынан түшүп калышкан. Капчыктагы акча анын дарылануусу үчүн чогултулган. Капчыкты кайра алган баланын атасы ыраазы болуп, спортчуну 20 миң рубль алууга көндүргөн.