Instagram башкы экранынын дизайнын өзгөрттү. Тагыраагы TikTok’ту туурады

Instagram башкы экранынын дизайнын көп жылдардан бери биринчи жолу өзгөрттү. Бул тууралуу The Verge жазып чыкты.

Башкы экранга Reels деген сервис кошулган, ал TikTok’тун эле көчүрмөсү. Тагыраагы колдонуучу 15 секунддук видео жаздырып, аны музыка жана визуалдык эффекттер менен шөкөттөй алат. Аталган сервис музыка колдонуугу уруксат болгон көптөгөн өлкөлөрдө иштеп жатат.

Ал эми өз сүрөттөрүнө коюлган лайкты жана жаңы постту түзүүнү купуя каттар иконкасы турган оң жактагы жогорку бурчка жылдырышты.