Инстаграмда чоочун адамдардын жаш балдарга кат жазуусуна тыюу салынат

Instagram улуу жаштагы колдонуучуларына аларга катталбаган кичине балдарга жана 18 жашка чыга элек өспүрүмдөргө билдирүү жазууга тыюу салат. Компания ошондой эле жасалма интеллекттин жардамы менен адамдын жаш курагын аныктоочу технологияны иштеп чыгат, деп жазат .

Instagram соцтармактар колдонгон балдарды коргоого багытталган жаңы эрежелерин жарыялады. Аларга ылайык, улуу адамдар эми өздөрүнүн баракчасына катталбаган 18 жашка чейинки балдар-кыздарга кат жаза албайт.

Ошондой эле тиркемеде атайын эскертме болот. Эгер балдар менен жазышып жаткан кишинин жүрүм-туруму шек жаратса, мисалы, ал өспүрүмдөргө достошуу сурамын көп жөнөткөн адам болсо, кичинекей колдонуучуларга бул тууралуу кабарланат.

Жаңы эрежелер менен атайын эскертүүчү билдирүүлөр бир нече мамлекетте ушул айда ишке кирет, келечекте бардык соцтармак колдонуучуларына тарайт, деп билдиришет Инстаграм негиздөөчүлөрү.

Компания ошондой эле колдонуучулардын жаш курагын аныктоо үчүн жасалма интеллекттин негизинде жаңы технологияны иштеп чыгат.