Instagram колдонуучулары эми билдирүүлөрүн белгилүү бир убакытта жөнөтүүнү пландаштыра алышат. Ал тургай 29 күн кийинкиге пландаса болот. Бул кызмат иш-чаранын же маанилүү датанын алдында билдирүү жөнөтүүнү жеңилдетет.
Азырынча бул функция текст жана эмодзилерди жөнөтүүгө гана мүмкүндүк берет.
Билдирүү жөнөткүңүз келген адамды тандайсыз же жаңы чатты баштайсыз. Билдирүүнү тергенден кийин, жөнөтүү баскычын басып, кармап туруу менен пландаштыруу функциясын жандырасыз. Бул жерде сиз күндү жана убакытты тандай турган экран ачылат.