Instagram’дын башчысы: «Орусияда социалдык сервиске бөгөт коюу — бул туура эмес чечим»

«Орусияда социалдык сервиске бөгөт коюу — бул туура эмес чечим». Мындай пикирин Instagram’дын башчысы Адам Моссери Твиттердеги баракчасына жарыялады.

«Дүйшөмбү күнү Instagram’га Орусияда бөгөт коюлат. Бул чечим аталган өлкөдөгү 80 миллион колдонуучуну бири-биринен жана дүйнөнүн башка бөлүгүнөн ажыратат. Орусиялык колдонуучулардын 80 пайызы өз өлкөсүнөн тышкары колдонуучуларга жазылган. Бул туура эмес», — деп жазылат социалдык тармактын жетекчисинин билдирүүсүндө.

Роскомнадзор 14-мартка караган түндөн тартып Instagram’га бөгөт коюу башталарын жарыялаган. Ошону менен ведомство аталган соцтармактын колдонуучуларына сүрөттөрүн, материалдарын башка соцтармакка которуп алуу үчүн эки сутка берди.

Кечээ, 11-мартта Орусиянын Башкы прокуратурасы сотко Meta компаниясын (Facebook, Instagram жана WhatsApp’ка ээлик кылат) «эксремисттик уюм» деп таануу талабы менен кайрылган. Ага чейин Meta компаниясы модерация саясатына өзгөртүү киргизгени маалым. Анда орусиялык аскер кызматкерлерине карата Facebook менен Instagram’да жазылган коркутуу жана зомбулукка чакырык бар билдирүүлөрдү, ошондой эле Владимир Путин менен Александр Лукашенкого өлүм тилеген комментарийлерди өчүрбөй турган болгон.