Samsung Electronics компаниясы бир нече жаңы жарнамалык роликтерди чыгарып, анда Galaxy S21 Ultra 5G моделиндеги смартфондун жетишкендиктерин көрсөтүү аркылуу iPhone 12 Pro Max моделиндеги смартфонду шылдыңга алды. 15 секунддук роликте Samsung менен Apple’дин флагмандарынын камерасы салыштырылат. Роликтин башында «Сиздин телефонуңуздун жаңылануусу начар жакка кетпеши керек» (Your phone upgrade shouldn’t be a downgrade) деген жазуу көрсөтүлөт.
Роликтердин биринде зум менен телеобъективдин функциясынын айырмачылыгына көңүл бурулуп, соңунда «Жетиштүү эле жакынбы?» деген суроо берилген.
Экинчи роликте ири пландагы детализация салыштырылган. Анда «Жетиштүү эле майда-чүйдөсүнөн өйдө көрүнөт бекен?» деген собол ташталган.