iPhone 15 Plus смартфонунун сүрөттөрү пайда болду

Интернетте iPhone 15 Plus смартфонунун сүрөттөрү пайда болду, аларды 9to5mac инсайдердик ресурсу бөлүштү. Бул тууралуу Tengri Life жазды. 

Көрүнүп тургандай, iPhone 15 Plus, iPhone 15 сыяктуу эле. Ал азыркы колдонулуп жаткан телефондон тегеректелген четтери бар корпуска ээ болот. Жалпысынан өлчөмдөр анча деле өзгөрбөйт. Ал эми четиндеги рамкасы мурдагылардан да ичкерээк болот.