iPhone 16 үлгүсү коомчулукка көрсөтүлдү

Америкалык Apple корпорациясы iPhone 16 сериясындагы смартфондорду, анын ичинде iPhone 16 Plus, iPhone 16 Pro жана iPhone 16 Pro Max сунуштады.

Жаңы смартфон жаңыланган дизайнга ээ. Фотоаппараттын линзаларынын жайгашуусу өзгөртүлдү. Кошумчалай кетсек, аппараттын дисплейи мурунку моделге караганда 50 пайызга күчтүү жана анын максималдуу жарыктыгы 2000 нитке чейин жогорулаган.

Жаңы чыккан Айфон 16 смартфонунун баасы эң жөнөкөйү үчүн 799 АКШ долларынан башталса, эң кубаттуу iPhone 16 Pro Max үлгүсү 1199 АКШ долларынан башталат. Жаңы Айфондор 20-сентябрдан тарта сатыкка чыгат.