«Ипотекамды төлөйм». Казакстанда электрик лотереядан 21 миллион теңге утуп алды

65 жаштагы алматылык электрик Несипжан Төлөгөнов өзүн лотерея ойноочу катары мүнөздөйт. Акыркы 20 жылдан бери ал хоббисин өзгөрткөн эмес жана дайыма бактысын сынап келет. Ал көп учурда аз суммаларды утуп алган, бирок соңку жолкусунда анын жашоосу өзгөрдү: ал 21 миллион теңге утуп алган. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды. 

Ал адаттагыдай эле кечинде сыналгы алдында лотереянын ойнотулуп жатканын көрүп отурган. Андагы чыккан сандар кишинин колундагы лотереянын сандары менен окшош чыга келген.

Төлөгөновдордун үй-бүлөсү жакында ипотекага үй сатып алгандыктан, адам алгач утуш акчасын насыяны төлөөгө жумшоону пландап жатат. Бирок пландалган башка чыгымдар да бар. «Уулум үй салды. Экинчи кабатын көтөрүп, чатырын жабыш керек болчу. Унаа алсак да жакшы болмок. Акыркы чечим үй-бүлөлүк кеңеште чечилет», — дейт Несипжан Төлөгөнов.