Иракта каргашага айланган үйлөнүү той. Аман калгандар окуя тууралуу айтып беришти (видео)

Ирактын Хамдания районунда үйлөнүү үлпөт тоюнда өрт чыгып, 100дөн ашуун адам каза болгон. Жарандык коргонуу кызматы өрт үйлөнүү үлпөтү учурунда фейерверк атуудан чыккан болушу мүмкүн экенин билдирген. Салтанат өтүп жаткан залда да өрт коопсуздук талаптары сакталган эмес. Өрттүн кесепетинен залдын айрым бөлүктөрү курулуш учурунда тез күйүүчү жана кымбат эмес материалдар колдонулгандыктан кулап түшкөнүн жарандык коргонуу кызматкерлери билдирди. Кырсыктан тойдун ээлери — жаш жубайлар да каза болушкан.

Ирактын ЖКМларынын маалыматына караганда, үйлөнүү үлпөтүнүн аман калган коноктору майрам чиркөө жөрөлгөсү менен коштолгондугун, анткени жаңы үйлөнгөндөр христиан коомчулугуна таандык экенин жана майрамга жүздөгөн адамдар катышканын айтышкан. Иш-чара башталгандан бир сааттай убакыт өткөндөн кийин жаш түгөйлөр бийлей баштаган. Залдын ортосунда илинип турган шыптын жасалгалары өрттөнүп, адамдардын башына түшкөн. Муну айтып берген коноктор өрттөн аман калып, ооруканада жатышат. 

Социалдык тармактарда тараган үйлөнүү үлпөтүндөгү видеодон эки жаштын бийлеп жатканын, бир учурда эле шып өрттөнүп баштаганын көрүүгө болот.