Ирактын Хамдания районунда үйлөнүү үлпөт тоюнда өрт чыгып, 100дөн ашуун адам каза болгон. Адегенде кырсыктан тойдун ээлери каза болушканы маалымдалган. Sky News жаш түгөйлөрдүн аман калганын жазды.
18 жаштагы Ханин аттуу келин 10 жакынын, ал эми Реван аттуу анын жолдошу 15 тууганын жоготкон. Алар өзүлөрүн тирүүнүн өлүгү сезип жатканын айтышкан. Реван апасы жана бир тууган агасын жоготкондон кийин жубайы «сүйлөй албай жатканын» кошумчалаган. Келиндин атасынын да абалы оор.
Ирактын ЖКМларынын маалыматына караганда, үйлөнүү үлпөтүнүн аман калган коноктору майрам чиркөө жөрөлгөсү менен коштолгондугун, анткени жаңы үйлөнгөндөр христиан коомчулугуна таандык экенин жана майрамга жүздөгөн адамдар катышканын айтышкан. Иш-чара башталгандан бир сааттай убакыт өткөндөн кийин жаш түгөйлөр бийлей баштаган. Залдын ортосунда илинип турган шыптын жасалгалары өрттөнүп, адамдардын башына түшкөн. Муну айтып берген коноктор өрттөн аман калып, ооруканада жатышат. Социалдык тармактарда тараган үйлөнүү үлпөтүндөгү видеодон эки жаштын бийлеп жатканын, бир учурда эле шып өрттөнүп баштаганын көрүүгө болот.