Иракта ооруканада кычкылтек концентратору жарылып, 80ден ашуун бейтап каза болду

Кечээ, 24-апрелде Багдад шаарында жайгашкан ооруканалардын биринде кычкылтек концентраторлор коюлган кампада жарылуу болуп, кийин өрт чыгып, кырсыктан 82 бейтап каза болду. Андан тышкары 110дон ашуун киши жаракат алган. Ирактын Саламаттыкты сактоо министрлиги 200дөй адамды куткарууга мүмкүн болгонун эле билдирип, каза болгондор жана жапа чеккендер тууралуу расмий маалыматты жарыялай элек. Мындан улам, айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер жана эл өкүлдөрү министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат.

Кырсык чыккан бейтапкана атайын коронавируска чалдыккан оорулууларга ылайыкташып жабдылган эле. Жалын эки кабаттуу имараттан турган оорукананы дээрлик толугу менен жалмаган. Өрт учурунда айрым бейтаптар аман калуу үчүн терезеден секирген.

Иракта үч күнгө аза күтүү жарыяланды.