Америка Кошмо штаттары тарабынан киргизилген санкциялардан соң Ирандын чыгымы 200 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Тегеран келтирилген зыяндын ордун толтурууну АКШнын Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кайтып келишинин шарты катары талап кылбайт.
“Айрым досторубуз АКШ менен макулдашуудан мурда компенсация талап кылышкан. Акыркы үч жылда АКШнын санкцияларынан улам келтирилген зыян 200 миллиард доллардан ашты. Бирок биз досторубузга компенсация суроону кийинкиге жылдырууну жана Америка Кошмо Штаттарына өзөктүк келишим боюнча санкцияларды алып салып, келишимге кайтуу мүмкүндүгүн айттык”,- деп билдирген Иран президенти.
Белгилей кетсек, мындан үч жыл мурун АКШ Иранга каршы санкцияларын баштаган.