Иран сулуусу асына турган жиби бар көйнөк кийип чыкты

Иран модели Махлага Жабери Канн кинофестивалынын алкагында мойнунда асына турган жиби бар көйнөк кийип чыкты. Ал муну менен мекениндеги өлүм жазасына каршылыгын билдирди.

Сулуу талкууга түшкөн көйнөгүнүн сүрөтүн Инстаграмга жүктөп, «Ирандагы өлүм жазаны токтоткула» деген жазуу менен постту жарыялады.

Өткөн жылдын сентябрь айында Иранда массалык каршылык акциялары болгон. Анда акцияга катышкандар 22 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин бийликке нааразычылыгын билдиришкен. БУУнун маалыматы боюнча, Иранда өлүм жазасына тартылгандар көбөйүүдө, 2021-жылы 314 адам, 2022-жылы 576 киши, 2023-жылдын башынан бери 200дөн ашуун адам өлүм жазасына тартылды.