Иранда 10 жыл түрмөдө жаткан келин өлүм жазасына тартылды. Бул бир жыл ичинде өлтүрүлгөн 18-аял

Иранда күйөөсүн өлтүргөн деп өлүм жазасына кесилип, он жыл абакта отурган 29 жаштагы Самира Сабзиан дарга асылды. Ал быйыл гана Иран бийлиги тарабынан өлүм жазасына тартылган 18-аял болуп калды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды. 

Өлүм жазасы Тегерандын чет жакасындагы өлкөдөгү эң чоң түрмөлөрдүн бири болгон Гезел Хесар түрмөсүндө болгонун Норвегияда жайгашкан Ирандын Адам укуктары боюнча уюму билдирди. Бул тууралуу ирандык басылмалар кабарлашпайт жана бийлик тарабынан да расмий ырасталган жок.

Самира Сабзиан 15 жашында турмушка чыгып, жакындарынын айтымында, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка системалуу түрдө дуушар болгон. Ал 19 жашында камакка алынып, күйөөсүн өлтүргөн деп айыпталган. Сот аны дароо өлүм жазасына кескен, бирок анын аткарылышы бир катар бюрократиялык себептерден улам кечеңдеген. Кармалган маалда анын эки баласы (алардын бири ымыркай) бар болчу, ага акыркы он жылда бир гана жолу көрүүгө уруксат берилген — өлүм жазасына тартылар алдында.

Укук коргоочулардын айтымында, акыркы убакта Иранда өлүм жазасына тартылгандардын саны кыйла көбөйүп, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында эле 115 киши өлүм жазасына тартылган. Самира Сабзиан 2023-жылы өлүм жазасына тартылган 18-аял болуп калды.