Иранда азык-түлүктүн кымбатчылыгынан улам ири митингдер башталды

Ирандын бир катар шаарларында азык-түлүктүн баасы өсүп кеткендигинен жана айрым азык-түлүктүн тартыштыгынан улам ири митингдер башталды. Анын жүрүшүндө бир адам, айрым маалыматтар боюнча, үч киши каза болгон. Полиция кызматы тарабынан 20дан ашуун митингчилер кармалды. Митингдин катышуучулары дүкөндөрдү талкалап, президенттин отставкага кетүүсүн талап кылышууда.

Каршылык акциялары өкмөт тарабынан негизги азык-түлүккө карата субсидия жокко чыгарылган соң күчөгөн. Мамлекеттик IRNA агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын субсидия иретинде 900 триллион туман (300 миллиард доллардын тегереги) төлөнүп келген. Ирандын президенти 9-май күнү экономикалык каатчылык менен күрөшүүнүн алкагында биринчи керектөөдөгү товарларга субсидия берүүнү токтотууну жарыялаган. Ал иран наны, дары-дармек жана бензиндин баасы өзгөрбөй турганын билдирген. Бирок жергиликтүү басылмалар нандын баасы үч эсеге көтөрүлгөнүн, башка азык-түлүк товарлары андан да көп эселеп кымбаттаганын жазышкан.

Митингдер жүрүп жаткан шаарларда интернетке чектөө киргизилди.