Иранда балыктар асмандан жаады

Ирандын Ясудж шаарында балыктар асмандан жаады. Мындай көрүнүш тартылган видеолор соцтармакта жарыяланды.

Кадрлардан асмандан балык жаап, алардын жүрүп жаткан унаалардын үстүнө түшкөнүн көрүүгө болот. Видеонун авторунун айтымында, мындай жаан жакынкы көлмөнүн үстүнөн куюн өтүп, андан көтөрүлгөн балык бир канча чакырымдан алыстыкта жерге түшкөн.