Иранда хиджабсыз аялдарды аныктоо үчүн камералар орнотулуп жатат

Ирандын бийлиги «жылаңач» аялдарды аныктоо үчүн коомдук жайларга камераларды орното баштаганын полиция билдирди. Полициянын айтымында, чачы жабылбаган аялдар «кесепеттери жөнүндө эскерткен СМС» алышат.

Полиция бул хиджаб мыйзамына каршылык көрсөтүүнүн алдын алат деп эсептейт. Нааразылык акциялары өткөн жылы хиджаб кийүү эрежесин бузду деп кармалган Амининин полициянын камагында каза болушунан улам келип чыккан.

1979-жылдагы Ислам ыңкылабында диний мыйзамдарды катуу чечмелөө орнотулгандан бери аялдар мыйзам боюнча чачтарын хиджаб (жоолук) менен жабууга милдеттүү. Мыйзамды бузган аялдарга айып пул салынат же камакка алынат.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси өткөн ишембиде ирандык аялдар хиджаб кийүүсү керектигин «диний зарылчылык» катары кайталады.