Иранда жардыруудан 103 адам каза болду (видео)

Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы көрүстөндүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши набыт болуп, 170тен ашууну жарадар болгонун ирандык маалымат каражаттары кабарлашты.

Чогулгандар Иран генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгына арналган салтанатка барышкан. Иран бийлиги окуяны теракт деп атады. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, эки жардыруу болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, бомбалар эки баштыкка салынып, аралыктан жардырылган, бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.