Ирандын Ахваз шаарында күйөөсү 17 жаштагы аялынын башын кесип, кийинчерээк көчөдө башын көтөрүп жүргөн. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Келин күйөөсүнөн качып, Түркияда жүргөн жеринен алып келинген. Аянтта келиндин башын кесүүгө күйөөсүнүн агасы жардам берген. Бир нече сааттан кийин экөө тең кармалган. Полициянын маалыматы боюнча, ал киши аялын үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам өлтүргөнүн айткан, бирок анык себебин тактаган эмес. Келин мындан үч жыл мурун 14 жашында төрөгөн.
Активисттер жана укук коргоочулар бул Иранда үй-бүлөнү уятка калтыруу учурунда жасалган кадыресе көрүнүш экенин айтышты.