Иранда майрам учурунда 4 миңден ашуун адам жаракат алып, 26 адам көз жумду

Иранда жаңы жыл алдындагы Чахаршанбе-Сури майрамында 4 миңден ашуун адам жаракат алып, алардын 26сы каза болду. Бул тууралуу Mehr жазды. 

Чахаршанбе-Сури — Иранда Жаңы жылга аз калганда майрамдалуучу майрам. Жаңы жыл же Нооруз 21-мартта болот, ал жаздын келишин жана жаратылыштын кайра жаралышын белгилейт.

Салт боюнча ирандыктар таттуу жана кычкыл жаңгактын өзгөчө аралашмасын жеп, кечинде көчөдө от жагып, үстүнөн секирип өтүшөт. Азыркы учурда алар майрамга салют, фейервектерди колдонушат.