Хиджабды туура эмес кийгени үчүн куугунтукталып, көчөгө ич кийимчен чыккан ирандык студент Аха Дарьяи психиатриялык ооруканага мажбурлап дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Gazeta.ru жазды.
Ирандын илим министри Хоссейн Симаи Саррафтын айтымында, студент азыр үй-бүлөсүнүн колдоосу менен дарыланууда.
Көз карандысыз булактардын айтымында, кыздын буга чейин психикалык көйгөйлөрү болгон эмес. Ага карабастан, алардын маалыматы боюнча, Дарьяи күчтүү дарылар менен дарыланып жатат.
Иранда студент кыз хиджабды “туура эмес” кийгени үчүн кол салууга кабылып, ал нерсеге нааразычылыгын билдирүү үчүн сыртка ич кийими менен чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram