Иранда тойдогу ок атуу салты учурунда 24 жаштагы келиндин башына ок тийип каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, келинге окту болочок күйөөнүн аталаш тууганы чыгарган. Кырсыктан соң ал качып кетүүгө үлгүргөн. Полиция кызматы анда курал колдонууга уруксат кагазы жок экендигин жана куралды колдонууну билбестигин аныктаган. Кылмышка шектүү дароо эле кармалган, жанында аңчылык куралы болгон.
Келиндин жакындары кызы өлгөндөн кийин органдары 3 адамга коюлуп, муктаж адамдарга жаңы өмүр берилгенин айтышкан.









