“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографынын каза болушу. Окуянын видеосу тарады

Казакстандын “Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы сахнада көз жумган. Окуя кечээ, 14-октябрда кечинде Астанада концерт башталар алдында болгон.

Маалым болгондой, 21 жаштагы мобилограф сахнадан эс-учун жоготуп кулап, каза болгон. Иш-чара токтотулган.

Биз үчүн айтуу абдан кыйын болуп жатат. Мобилограф сахнада кулап түштү. Көрсөңөр керек, ал каза болду. Ошондуктан, тилекке каршы, бүгүн концерт коё албайбыз. Келгениңизге чоң рахмат”, — деген «Ирина Кайратовна» тобунун мүчөсү Азамат Маркленов.

Учурда социалдык тармактарда окуянын видеосу тарап жатат.