“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографынын каза болушу. Топ билдирүү таратты

«Ирина Кайратовна» тобу Астанадагы концерт учурунда каза болгон 21 жаштагы мобилограф боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

14-15-октябрда Астанада өтүшү керек болгон концерттер токтотулду. Артисттер Шахназдын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, ошондой эле үй-бүлөгө бардык керектүү жардамдарды көрсөтүүгө убада беришти.

Музыканттар өлүмдүн так себептерин билбестигин айтышып, жигиттин каза болгон учурун соцтармактарга жайылтпоону суранышты.