Астананын Саламаттыкты сактоо департаменти «Ирина Кайратовна» тобунун концерти учурунда каза болгон 21 жаштагы мобилографтын өлүмү боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
«14-октябрда Шахназ Жылкайдаровдун сөөгү соттук-медициналык экспертиза үчүн жеткирилген. Өлүмдүн алдын ала себеби — курч геморрагиялык панкреонекроз», — дешти.
Өлүмдүн так себеби токсикологиялык изилдөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Бул изилдөөлөр эки жумага чейин созулат.