Иртыш дарыясынын жээгинде эс алып жаткан казакстандык үй-бүлө үрөй учурган нерсени таап алышкан

Иртыштын жээгинде эс алуу учурунда павлодардык үй-бүлө суудан адамдыкына окшогон жаак сөөктү табышкан. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Үрөй учурган окуя тууралуу павлодарлык «Вита» издөөчүлөрү коомдук бирикмесинин ыктыярчылары Инстаграмда кабарлашып, табылган сөөктөр тууралуу кабардар болушкан. «Жээкте эс алып жаткан үй-бүлө суудан жаактын сыныгын табышкан. Бирок эс алуучулар аны түбүнөн алууга батына албай, бизге кайрылып, айтышты», — дейт уюмдун жетекчиси Екатерина Кудрявцева.