Исландияда калкынын 87 пайызы эмдөөдөн өтүп, бардык чектөөлөр алынды

Кечээ, 26-июнда Исландияда калкынын 87 пайызы эмдөөдөн өтүп, бардык чектөөлөр алынды. Аталган мамлекет эпидемиологиялык абалга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алып салган биринчи Европа өлкөсү болуп калды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Чектөө чаралары 2020-жылдын март айында киргизилген. Буга чейин Исландиянын калкынын  87 пайызы COVID-19 вакцинасынын биринчи дозасын, 60 пайызы экинчи дозасын алышкан. Мындан ары исландиялыктар бет кап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай коё берсе болот.

Исландия оору катталгандан тарта ага каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүп келгени маалым. Алсак, тест жүргүзүүнүн олуттуу системин, өз убагында изоляция чараларын да киргизип турган. 360 миң кишиден турган калкынын арасында 7 миңге жетпеген адамдан оору аныкталып, 30 киши каза болгон. Азыр Исландияда болгону 12 киши изоляцияда.