Исландиядагы жер титирөөлөрдөн улам жанар тоо жанданды (видео)

Исландиянын түштүк-батышындагы Рейкьянес жарым аралында бир катар катуу жер титирөөлөрдөн кийин жанар тоо атылды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазат.

Буга чейин Гриндавик шаарынан 4 миңдей адам эвакуацияланып, ага жакын жайгашкан эс алуу жайы жабылган. «Вулкандагы жараканын узундугу болжол менен 3,5 чакырымды түзөт, лава секундасына 100-200 метр куб ылдамдыкта агып жатат», — деп айтылат маалыматта.