Испаниялыктардын помидор майрамы белгиленди. Кызыктуу видео, сүрөттөр

Кечээ, 30-августта Испаниянын Буньол шаарында помидор менен бири-бирин уруу майрамдык салты болуп өттү. Бул майрам 78 жылдан бери белгиленип келет. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

Шаар мэри Санс Томатино бул майрам коопсуз жана көңүлдүү майрам экендигин белгиледи. Помидор менен жапырт уруу майрамы жыл сайын август айында майрамдалып, майрамга 10 миңден ашык адамдар катышат. Бир сааттык помидор салгылашуусуна жергиликтүү эл жана чет өлкөлүк туристтер барышат.

Майрамдык салтанаттын катышуучулары кызыл түс жакшы көрүнүш үчүн ак түстүү кийимдерди кийип, көздөрүнө көз айнек тагышат. Майрамга чогултулган помидорлор бирдей температурада сакталып бир күн мурун даярдалат. Майрам учурунда театралдаштырылган оюн-зоок, бий, жарманке уюштурулат. Кызыл помидорго боёлгон көчөлөр өрт өчүрүүчү кызматкерлер тарабынан тазаланат.

Помидор менен салгылашуу майрамы 1945-жылы Буньол шаарында пайда болгон. 1950-жылдары диний мааниси жок деген чектөөлөргө карабастан ушул күнгө чейин салттуу майрам катары белгиленип келет.