Испания менен Португалияда мээ кайнаткан ысыктан 600 чакты адам каза болду

Испания менен Португалиядагы мээ кайнаткан ысык аба-ырайынан 600 чакты адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Испанияда бир жумадан бери күндүн ысыгы 45,7 градуска чейин болуп, 360 чакты адам каза болгону маалымдалган. Кошуна жайгашкан Португалияда 40 градус ысык абанын кесепетинен 7-13-июль аралыгында 238 киши көз жумган, алардын басымдуу бөлүгү улгайгандар.

Reuters маалымат агенттигинин билдиришинче, Португалия, Испания, Францияда мээ кайнаткан ысыктан токойлор өрттөнүп он миңдеген жашоочулар эвакуацияланган.