Испанияда биринчи жолу Даун синдрому бар аял депутат болуп шайланды

46 жаштагы Мар Гальсеран Испаниянын тарыхында Даун синдрому бар биринчи депутат болуп калды. Сентябрда Валенсия Парламенттик ассамблеясына шайлангандан кийин дароо эле испаниялык айым жеке адам катары кабыл алынгысы келгенин билдирди.

Мар — үй-бүлөнүн улуу кызы. Анын эки бир тууганы жана беш жээни бар. Бош убактысында Гальсеран жеңил атлетика жана бий менен алектенет. Ооруканаларда ыктярчы болуп, карыларга кам көрөт.

18 жашында Мар консервативдик элдик партияга кошулуп, карьералык тепкичте акырындык менен көтөрүлө баштаган. Анын максаты Испанияда Даун синдрому бар адамдардын статусун көтөрүү болгон. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде ал кенже адистен жетектөөчү менеджерге чейин жеткен, андан кийин Валенсия саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматын да ээлеген.

Мардын кесиптештери анын өзгөчө ырахат жана чоң сүйүү менен иштегенин бир добуштан баса белгилешти.